ДЕГЕМБАЕВА Татина

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:50, 7 Апрель (Чын куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) (Dilde moved page ДЕГЕМБАЕВА to ДЕГЕМБАЕВА Татина) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕГЕМБАЕВА Татина (1920-жылы туулган, Сокулук району, Шалта кыштагы) – кызылчачы, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1977). Эмгек жолун 1935-ж.

Белек кыштагында колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. 1948–80-жылдарда Москва районунда­гы «Дружба» колхозунда кызылча өстүрүү боюнча зве­но башчысы. 1977-жылы анын звеносу 170 га жердеги кант кызылчасынын ар гектары­нан 702 цден түшүм жый­нап алган. 1975–84-жылдарда Кыр­гыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Эки Ленин, Эм­гек Кызыл Туу ордендери м-н сыйланган.