ДОСТУК АЗИЛ
ДОСТУК АЗИЛ – сатиралык же юмордук ад-ттагы көбүнчө ыр же кара сөз түрүндө жазылган арноо түрүндөгү кыска чыгарма. Д. а-де элге белгилүү инсандын (коомдук ишмер, акын-жазуучу, саясатчы ж. б.) айрым мүнөздүү өзгөчөлүктөрү жалпы жонунан макталса да, апыртуу, тамаша, какшык аркылуу кээ бир кемчиликтери айтылат. Д. а-дин ыкмаларын дүйнөлүк ад-ттын классиктери памфлет, эпиграмма, фельетондо пайдаланган. Кыргыз поэзиясында М. Алыбаев, Р. Шүкүрбеков, М. Борбугулов, Б. Сарногоев ж. б. акындар өнүктүргөн. Азил ырларды адатта гезит-журналдардын майрамдык сандарында тамашалуу портрет коштойт, к. Шарж.