ГРАУВАККА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 22 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРАУВА́ККА (нем. grau – боз ж-а wacke – чополуу Тоо тектин бир түрү) – цементтик материалдардын басымдуулугу м-н мүнөздөлүп, ар түрдүү чөкмө ж-а интрузия, эффузив, метаморфизм тоо тектеринин майда сыныкчаларынан түзүлгөн чөкмө тоо тек. Өӊү каралжын боз, кара же кочкул жашыл. Сыныкчалары кырдуу же бир аз гана жумуруланып, начар сорттолгон. Г. Геосинклиналь аймактарына гана мүнөздүү. Мында байыркы тоо тектерден турган ички көтөрүүлөрдүн талкаланды материалдары тез топтолуп, Г-нын калыӊ катмарлары пайда болгон.