ДИСКЕТА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:03, 7 Апрель (Чын куран) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИСКЕ́ТА – магнит дискалуу кассета-конверт. Маалыматтарды жана программаларды сактоо үчүн колдонулат. Катуу дискадан айырмаланып ийилгич жана жеңил. Бир топ жайыраак иштейт, маалымат аз батат. Негизинен Дискета пластмасса­дан жасалып, эки жагынан магниттик катмар менен капталат. Дискетанын бети кабар сакталуучу бөлүктөргө бөлүнгөн (форматталган). Дискета атайы салгычка салынып, компьютерге киргизилет. Компьютер диск салгычтын ичиндеги кыймыл­сыз магниттик бөрктүн жардамы менен маалы­матты Дискетага сактап жана окуп берет.