ДЕМ АЛУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:11, 7 Апрель (Чын куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕМ АЛУУ – жаныбар м-н өсүмдүк организми­не айлана-чөйрөдөн кычкылтекти сиӊирип, зат­ алмашуунун акыркы продуктусу болгон көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарууну камсыз кылуу­чу физиологиялык процесстердин жыйындысы. Бул процессте организмдин тиричилигине керектүү энергия бөлүнүп чыгат. Татаал ферменттик процесстерден улам организмде органикалык заттар (уг­левод, май, белок) процесси жүрөт да, ал дем алуунун негизин түзөт. Ж а н ы б а р л а р д ы н дем алуусу. Бир клеткалуу ж-а кээ бир майда жа­ныбарларда кычкылтек м-н көмүр кычкыл газы дененин бүткүл сырткы бети аркылуу өтөт. Та­таал түзүлүштүү организмде кычкылтек тыш­кы чөйрөдөн атайын дем алуу органдары (өпкө, бакалоор) аркылуу канга өтүп, андан тышка көмүр кычкыл газы түрүндө бөлүнүп чыгат (сырт­кы дем алуу). Сырткы дем алуу адамда ж-а сүт эмүүчүлөрдө көкүрөк клеткасынын көлөмүнүн өзгөрүшү (дем алуу, дем чыгаруу) м-н болот. Анда өпкөнүн аль­веолаларында кычкылтек ж-а көмүр кычкыл газынын парциалдык басымы дайыма сакталат. Адамдын дем алуусу атмосфера абасы м-н өпкө альвеола абасынын ортосундагы алмашууну, альвеола абасы м-н кандын ортосундагы газ алмашууну, кан аркылуу газдарды ташуу, кан м-н ткандын ортосундагы газ алмашууну ж-а клеткалык дем алуунун механизмин камтыйт. Сырткы дем алууну сүйрү мээдеги борбору башкарат. Клетка ж-а ткандын кычкылтекти керектеши аларда көмүр кычкыл газынын пайда болушу ткандык дем алуунун негизин түзөт. Окистенүү процессинде органикалык заттардан суутек бөлүнүп, ткандарга кирген кыч­кылтек м-н кошулат (ткандык дем алуу). Ө с ү м­ д ү к т ө р д ү н дем алуусу. Өсүмдүк бардык органы, тканы ж-а клеткасы м-н дем алат. Дем алуунун ыл­дамдыгы бөлүнүп чыккан көмүр кычкыл газы м-н сиӊирилген кычкылтек санына карай анык­талат. Дем алуу жаш өсүмдүктүн өсүүчү органдары м-н ткандарында күчтүү, репродукция орган­дары м-н жалбыракта активдүү, сабак м-н та­мырда начар өтөт. Жарыкта өсүүчү өсүмдүккө караганда көлөкөдөгүлөрү – начар, бактериялар, көк зеӊкерлер өтө активдүү дем алат. Температура жогорулаган сайын дем алуу күчөйт. Кыштоочу өсүмдүк ткандарында да дем алуу жүрөт, кээ бир физикалык-химиялык козгоолор (жаралануу, айрым уу зат­тары, наркотиктер) аны ылдамдатат. Кургак урукка караганда нымдалган, көптүрүлгөн, өнө баштаган урукта дем алуу жүз, миӊ эсеге көп. Ак­тивдүү өсүү мезгили бүткөндөн кийин дем алуу жай­ланат, урук, мөмө бышкан мезгилде анын ыл­дамдыгы азаят.

Ад.: Биохимия клеточного дыхания. М., 1960; Курс физиологии растений. 3-е изд., М., 1971.