ДИНИЙ СЕКТАЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:25, 7 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИНИЙ СЕКТАЛАР (лат. seсta – окуу, багыт, мектеп) – өзүнчө диний көз караштарды жетек­чиликке алып, жалпы динден бөлүнүп чыккан динчилер тобу. Бардык эле диндерде секталык агымдар, топтор, уюмдар бар. Өзүлөрү туткан көз караш, ой-пикирлерди, принциптерди ж-а доктриналарды өзгөчө деп эсептеп, башкалар­дан жогору коюшат, аларга фанатизм мүнөздүү. 20-кылымдын соңунда адамзаттын рухий дүйнөсүнө олуттуу таасири бар социализм өз идеологиясы м-н урагандан кийин Диний секталар пайда болгон. Диний секталар ортосунда боло бере турган идеялык көз караш­тардагы, конфессиялык ич ара мамилелердеги пикир келишпегендиктерди, айрым олуттуу карама-каршылыктарды саясий экстремисттер улут аралык, өлкөлөр ичиндеги гана эмес, эл аралык жаңжалдарга айлантып жиберүү кор­кунучтарын түзүүдө. Ошол эле убакта айрым Диний секталарлардын башка түргө өтүшү же социалдык шарттарга ылайыкташып, өзүнөн-өзү жоюлуп кеткен учурлары да кездешет.