ДИОПСИД
ДИО́ПСИД (ди... ж-а гр. jpsis – түр) – пироксендер тобундагы минерал; кальций м-н магнийдин метасиликаты. Химиялык формуласы CaMg[Si2O6]. Моноклин сингониясында кристаллданат. Өңү боз, бозомук жашыл. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 5,5-6. С. салмагы 3,2-3,38. Д. ар ка

ндай формадагы бүртүкчөлөр түрүндө габбродо, диабазда, диоритте, сиенитте, контакт скарндарында ж. б. магмалык ж-а метаморфизмделген тоо тектерде болот. Диопсид – тоотек түзүүчү минерал.