ДУЛАТОВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:01, 8 Апрель (Чын куран) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУЛАТОВА Гүлшара (15. 4. 1930, Чүй облусу, Ток­мок – 1. 3. 2009, Бишкек) – Кыргыз ССР эл артисти (1977). 1946–1948-жылдары Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын хорунда ырчы. А. Островский атындагы Таш­кент мамлекеттик театр өнөр институтунун актёрдук бөлүмүн бүтүргөндөн (1953) Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театры­нын артисти.

Клеянын ролунда Г. Дулатова. Г.Фигейредон ун «Эзоп » спектаклинен.

Дулатова – ар түрдүү драмалык, трагедиялык жана сатиралык каармандар­дын образдарын чебер түзө алган кеңири диапазондуу актёр. Кыргыз улуттук ака­демиялык драма театрында 100дөн ашык роль аткарган. Негизги ролдору: Канышай (К. Эш­мамбетов, «Эгиз бала»), Галчиха (А. Островский, «Күнөөсүз күнөөлүүлөр»), Долли (Л. Толстой, «Анна Каренина»), Сахно (А. Софронов, «Аш­позчу аял»), Зуура (Б. Жакиев, «Атанын тагды­ры»), Сейде (Ч. Айтматов, «Бетме-бет»), Наргүл (Т. Абдумомунов, «Каркыралар кайтканда»), Гүлбара (М. Байжиев, «Балдар бойго жеткен­де»), Клея (Г. Фигейредо, «Эзоп»), Кей (М. Каоу­ру, «Уурдалган өмүр»), Эне (К. Чапек, «Эне»), Тангабике (М. Ка­рим, «Ай тутулган түндө»), Айша апа (Ч. Айтматов, К. Мухамеджанов, «Фудзиямадагы кадыр түн»),

Чы­йырды (Ж. Сады­ков, «Айкөл Ма­нас»,) Канышай (Ж. Садыков, «Сейтек»), Тол­гонай (Ч. Айтматов, «Саманчы жолу») жана башкалар. Эл Достугу ордени, медалдар менен сыйланган.