ДЮРЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:12, 8 Апрель (Чын куран) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЮ́РЕР Альбрехт (21. 5. 1471, Нюрнберг – 6. 4. 1528, ошол эле жер) – немис живописчиси жана искусство теоретиги, Кайра жаралуу доорундагы ири сүрөтчү. Алгачкы иштеринде («Паумгартнерлер­дин алтары», 1502–1504, Эски пинакотека, Мюн­хен) реалисттик багыттагы изденүүлөрү кийин­ки готика өнөрүнүн элементтери менен айкалы­шат. Реформация мезгили менен 1525-жылдагы Дыйкандар согушун чагылдырган сүрөттөрү («Төрт апостол», 1526) Кайра жаралуу доорун­дагы көркөм сүрөт өнөрүнүн ири жетишкендик­теринен болгон.

А. Дюрер. «Мария наристе менен». 1512. Вена.

Анын портреттери («Жигиттин портрети», 1521, Дрезден, Сүрөт галереясы) адамдын ички умтулуусун, ой-аракетинин тереңдигин көрсөтөт. Дюрер философиялык терең образдарга бай, фор­масы боюнча жаңы, тематикасы ар түрдүү гравю­раларды («Рыцарь, өлүм жана азезил», 1513; «Ыйык Иероним», «Меланхолия», экөө тең 1514) жараткан. Дюрер архитектура, математика, механика жа­атында да эмгектенген. Дүйнөлүк жана немис мадания­тынын тарыхында анын трактаттары, күндө­лүктөрү маанилүү орунду ээлейт.