ДӨШҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:41, 8 Апрель (Чын куран) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДӨШҮ – уста узанууга ылайыкталган чулу те­мир аспап. Анын үстүнкү бети жалпак, бир жагы жумуру, экинчи жагы төрт кыр учталып, дөң­гөчкө бекитилет. Темир усталардын Дөшүсү чоң, оор, зергерлердики кичинекей, зер буюмдарын жасоого ылайыкталган. Уста металлды ысык

Дөшүдө узанып жат­кан темир уста.

же муздак түрүндө Дөшүгө коюп кесет, көзөйт, со­зот, жалпайтат, түздөйт, ийет, миздейт, жуму­рулайт, кадайт жана башка керектүү иштерди жасайт. Дөшү көөрүк очогунан анча алыс эмес жерге орно­тулат, анткени ысытылган темир сууй элегин­де Дөшүнүн үстүнө коюлушу керек. Учурда Дөшү менен иштөө да механикалаштырылган. Н. Мусуралиева.