ДИПЛОМДУК ИШ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:44, 8 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИПЛОМДУК ИШ – жогорку, атайын орто окуу жайларды бүтүрүүчүлөрдүн айрым адистик боюнча аткарылган илимий-изилдөө ишинин жыйынтыгын мү­нөздөгөн корутунду эмгеги. Дипломдук иштин максаты – бүтүрүүчүлөрдүн атайын теориялык билимин, прак­тикалык иштерин иретке келтирип, жыйынтык чыгаруу же текшерүү. Дипломдук иш студенттин өз ал­дынча илимий иш аткарууга жөндөмдүүлүгүн көр­сөтөт ж-а мамлекеттик атайын экзамен комиссияла­рынын алдында корголот.