ДИССИМИЛЯЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:32, 9 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИССИМИЛЯ́ЦИЯ (лат. dissimilatio – айырма, бирдей эмес) – сөздөгү жанаша турган бирдей же окшош тыбыштардын башка бир тыбышка өтүп айтылышы. Бул ассимиляция кубулушу­на карама-каршы болуп, сөздөгү тыбыштардын окшошпоосун, башкача айтканда фонетикалык касиетин жоготушун айкындайт. Мисалы, ачык үнсүздөр мурунчул же эринчил үнсүздөргө ж. б. өтүп айтылат (мисалы, сакмал – сакман, түнкү – түңкү).