ДИСТИЛЛЯЦИЯ
ДИСТИЛЛЯ́ЦИЯ (лат. distillatio – тамчылап агуу) – түрдүү курамдагы суюк аралашмаларды буулантуу жолу м-н фракцияларга бөлүү процесси. Дистилляция аралашманын компоненттеринин кайноо температурасынын түрдүү болушуна негизделген. Суюктукту буулантып, кайрадан конденсациялоо аркылуу жүргүзүлөт. Буулантуунун негизинде буу фазасы төмөнкү температурада кайнай турган, ал эми конденсат фазасы жогорку температурада кайнай турган компонент м-н байыйт. Компоненттердин физикалык касиеттерине жараша бир нечеге бөлүнөт. 1. Ж ө н ө к ө й Дистилляцияда суюк аралашманы кайнатканда тез кайноочу компоненттер бууланып, конденсацияланып, түтүк м-н чогулткучка тамчылайт. Буудан чогулган суюктук конденсант же дистиллят деп аталат. 2. Ф р а к ц и я л ы к Дистилляция кайноо температурасы бири бирине жакын болгон суюк аралашманы фракцияларга бөлүүдө пайдаланылат. 3. Т е ң с а л м а к т у у л у к Дистилляцияда суюктук бууланып, фазалык тең салмактуулукка чейин буу суюктуктун үстүндө болот. Тең салмактуулук абалга жакын болгон буу м-н суюктуктун аралашмасы сепаратордо бөлүнөт. Буу сепаратордон конденсаторго келип, дистиллят чогулткучка куюлат. 4. С у у б у у с у н у н ж-а и н е р т т ү ү г а з д ы н а г ы м ы н д а г ы Дистилляция м-н жогорку температурага чыдамсыз компоненттерди бөлүп, буулануу процессинин температурасын төмөндөтүү ж-а төмөнкү температурада буулануучу затты жогорку температурада буулануучу компоненттен ажыратат. 5. М о л е к у л а л ы к Дистилляция суюк аралашмалардын кайноо температурасынан төмөнкү температурадагы вакуумда эркин буулантып бөлүүгө негизделген. Ал ири молекулалуу ж-а жылуулукка чыдамсыз органикалык заттарды бөлүү ж-а тазалоодо, мисалы, эфирлерди стеарин, олеин ж. б. кислоталардан тазалоо; балык ж-а өсүмдүк майларынан витаминди бөлүү, медициналык дары-дармек ж. б. алууда колдонулат.
Ад.: Касаткин А. Г. Основные процессы и аппараты химической технологии /8-e изд. М., 1971; Багатуров С. А. Теория и расчёт перегонки и ректификации. М., 1961.