ДИФЕНИЛ
ДИФЕНИ́Л , С6Н5–С6Н5 – органикалык эриткичтерде жакшы эрүүчү түссүз кристалл. Эрүү t – 71°С, кайноо t – 254–255°С. Өнөр жайда бензолду 750–800°Сде дегидрлөөдө алынат. Дифенил – боёкторду алууда алгачкы сырьё, ал эми оксидифенилдер синтездик чайырларды алууда колдонулат.