ДИФТОНГ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:32, 9 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИФТО́НГ (гр. diphthongos – кош үндүүлүк) – эки үндүү тыбыштын бир муунда катар кели­ши. Кыргыз жергиликтүү говорлорунда Дифтонг аталган ты­быштар ow, уw, өw, үw деген тизмектен турат. W тыбышы созулма м-н айтылган сөздөрдөгү үндүү тыбышка туура келет (мисалы, тоо – тоw, суу – суw, дөө – дөw, күү – күw ж. б.). Кыргыз адабий тилинде Дифтонг болбогону м-н, айрым говор­лорунда кездешет. Түштүк-батыш диалектиси м-н Талас, Чаткал говорлорунда эриндүү созулма үндүүлөр сөздүн башында, ортосунда ж-а аягында Дифтонг м-н айтылат. Бул Дифтонгдор жалпы тил илими­нин термини м-н алганда анык Дифтонгго дал келип, сөздө бир муунду түзөт (мисалы, Таластын суwу өтө муздак. Тоwдун башында бир да булут жок). Муун түзүлүшүнө ылайык төмөн түшүүчү ж-а жогору көтөрүлүүчү Дифтонг ажыратылат. Кыргыз тилиндеги Дифтонг жеке тыбыштык бирдик экенди­ги м-н айырмаланат.