ДИХОТОМИЯЛЫК БӨЛҮҮ
ДИХОТОМИЯЛЫК БӨЛҮҮ (гр. dichotomia – экиге бөлүү) – түшүнүктүн көлөмүн эки бөлүккө бири экинчисин төгүндөгүдөй, ал эми бириккен абалда түшүнүктүн көлөмүн камтыгандай бөлүштүрүү. Бул эң жөнөкөй операция классификациялоонун баштапкы баскычында колдонулат. Дихотомиялык бөлүүнүн артыкчылыгы анын жөнөкөйлүгү м-н жеткиликтүүлүгүндө. Анткени, бөлүштүрүү белгинин бардыгына же жоктугуна карата жүргүзүлөт. Маселен, токойлордун тобун өз ара эки топко, мисалы, жазы жалбырактуу ж-а ийне жалбырактуу деп, ал эми жазы жалбырактуу эмес токойлорду – ийне жалбырактуу ж-а ийне жалбырактуу эмес токойлорду жазы жалбырактуу деп, бөлүштүрүүгө болот. Дихотомиялык бөлүүнүн кемтиги карама-каршы белгилери м-н аныкталчу топтор даана ажыратылбай, ал эми ырааттуу бөлүштүрүү учурунда андай белгилерди табуу улам кыйындай бергендигинде. Дихотомиялык бөлүү азыркы учурда компьютерлерди конструкциялоодо кеңири колдонулууда. Кайсы бир топтогу предметтерди экиге бөлүүнүн натыйжасын туюндурган ой жүгүртүү; бул бөлүктөрдүн бири тийиштүү белгиси бардыгы м-н мүнөздөлөт (мисалы, «көлдөр туздуу ж-а тузсуз болушат»).