ДМИТРИЕВ 1
ДМИ́ТРИЕВ Николай Константинович [16 (28). 8. 1898, Москва – 22. 12. 1954, ошол эле жер] – тилчи, түрколог. СССР ИАнын корреспондент-мүчөсү (1943), РСФСР ПИАнын академиги (1945). Ленинград (1925–41), Москва (1929-жылдан) университеттеринин профессору, Түркмөн ССРи ж-а Башкырт, Чуваш АССРлеринин илимге эмгек сиңирген ишмери. Илимий эмгектеринде түрк тилдеринин грамматикалык түзүлүшүн, фонетикалык системасын, лексикасын, диалектологиясын изилдеген. Түркологиянын тарыхы, түрк фольклору, орус тилин окутуунун методикасы, түрк ж-а славян тилдеринин өз ара карым-катышы боюнча илимий-изилдөөлөрдү жүргүзгөн. «Кумык тилинин грамматикасы» (1940), «Башкырт тилинин грамматикасы» (1948) ж. б. көлөмдүү илимий эмгектери бар.