ДИАЗОМЕТАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:30, 9 Апрель (Чын куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИАЗОМЕТА́Н , СН2N2– эӊ жөнөкөй алифаттык диазобирикме. Жагымсыз жыттуу, сары түстөгү уулуу газ, молекулалык салмагы 42,043, эрүү t -145C, кайноо t- 23C. Жарылуу м-н оңой ажырайт, эфирдин ж-а диоксандын эритмесинде салыштырмалуу туруктуу. Си ж-а СоСl2 катышуусунда N2 ж-а полиметиленге жеңил ажырайт. Диазометан карбон кислоталары, сульфокислоталар, фенолдор, спирттер м-н метил эфирлерин, AlCl3 ж-а BF3 катышуусунда альдегиддер м-н метил кетондорду пайда кылат. Диазометан нитрозометил уретанга щелочтуу таасир этүүдөн алынат. Ал карбон кослоталарын синтездөөдө, лабораторияда ж-а метилдөөчү зат катары колдонулат.