ДНЕПР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:14, 10 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДНЕПР (байыркы гр. Борисфен) – Россия, Бе­ларусия ж-а Украина аймактары аркылуу ак­кан дарыя. Узундугу (2200 км), боюнча Европадагы үчүнчү дарыя (Волга м-н Дунайдан кийин). Алабынын аянты 504 миң км2. Валдай дөңсөөсүнөн башта­лып, Кара деңиздин Днепр лиманына куят. Жо­горку бөлүгү кууш өрөөн, Орша шаары тушта кум жалчалары аркылуу агып, Кобеляк босогосун пайда кылат; төмөнкү агымында жайылмасы кеңийт. Башкы куймалары: Березина, Припять, Ингулец (оң), Сож, Десна, Псел, Ворскла (сол). Орточо чыгымы 1700 м3/сек. Төмөн жагы декабр­дан мартка чейин, жогорку жагы апрелдин ба-


Днепр меандрасы.

шына чейин тоңот. Буг м-н Днепр-Буг каналы аркылуу байланышат. Суу м-н камсыз кылуу­да ж-а сугатка (сугат каналдары: Днепр – Кривой Рог, Днепр – Донбасс, Түндүк Крым) пайдаланылат.
Чатынан 1677 кмге чейин кеме жүрөт. Ортоңку ж-а төмөнкү агымында ГЭС каскаддары ж-а суу сактагычтар курулган. Боюнда Смоленск (Рос­сия), Могилёв (Беларусия), Киев, Черкассы, Кре­менчуг, Днепродзержинск, Днепропетровск, За­порожье, Никополь, Херсон (Украина) шаарлары жай­гашкан.

Ад.: Лапоногов А. Н. По Днепру (Путеводитель). М., 1970.