ДНЕПР КӨМҮР БАССЕЙНИ
ДНЕПР КӨМҮР БАССЕЙНИ Украинадагы бөлөк-бөлөк жайгашкан көптөгөн кендерди бириктирип турат. 1915-жылдан үзгүлтүксүз, 1946-жылдан ургаалдуу казып алынууда. Аянты 150 миң км2. 200 м тереңдикке чейинки жалпы геологиялык запасы 3,6 млрд т. Көмүр 55 м калыңдыктагы палеогендин тоотек катмарларында жатат. Көмүрдүн техникалык тобу Б I. Күйгөндө 8,8–9,0 МДж/кг жылуулук берет. 1979-жылы карьерден 10,2 млн т көмүр казып алынган.