ДОГМАТИЗМ
ДОГМАТИ́ЗМ – бир жактуу, жаңыруу идеясынан оолак, конкреттүү тарыхый шарттык өзгөрүшүнө каршы турган ойлоонун бир түрү. Турмуш көрүнүштөрүн кабыл алууда, баалоодо, түшүнүүдө алардын ордун, мезгилин, ар кандай аракеттердин өзгөчөлүү шарттарына кабылаарын эске албастан, качандыр бир кездерде өздөштүрүлгөн жобонун алкагынан чыкпай чектелип калуучулук, башкача айтканда акыл-эстин шалакылыгы, сенектиги, эскирген канондордун тушоосунан кутулуп, жаңычылдыкка карай жогору көтөрүлүүгө жөндөмсүздүгү, чыгармачыл ой жүгүртүүнүн дээрлик жоктугу. Догматизмдин келип чыгышынын ж-а турмушта орун алып келатышынын түпкү себеби (тамыры) – ойлоодо субъективизмге ооп кетүүчүлүк, башкача айтканда реалдуу көрүнүштөрдүн (турмуш чындыгынын) чексиз динамикалуулугун, конкреттүүлүгүн, андагы абсолюттук м-н салыштырмалуулуктун диалектикасын атайылап же аңдоосуз элес албоодон келип чыккан бир жактуулук; психология жагы – мартабага жүгүнүүчүлүк, аброй алдындагы сокур ишеним (ойлонбой ишенүүчүлүк); жамааттык, топтук (корпоративдүү) таламдар же жекече (эгоизм) кызыкчылыктар таасирлери; волюнтаризм кысымдары ж. б.