ДОДЕКАФОНИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 10 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОДЕКАФО́НИЯ (грекче dodeka – он эки, phōnе – добуш) – атонализмдин өнүгүү процессинде пайда болгон музыка жазуу ыкмасы. Додекафониялык принцип­те алгачкы музыка жазган австриялык композитор Й. Хауэр (1910-жылдары) болгон, кийин композитор А. Шёнберг анын ыкмасын кайрадан иштеп чыккан жана уланткан. Додекафония ыкмасынын маңызы чыгарманы түзгөн ыргактуу үндөр жана үн ай­калыштары сериядан – ар кандай бийиктикте­ги 12 добуштун өзүнчө катарынан куралган­дыгы менен түшүндүрүлөт. Серия кайталанбас бардык тонду камтыйт да, чыгарманын «инто­нациялык негизин» түзүүчү тандалма интервал­дардын комплекси болот жана ар кандай модус­тарда колдонулат. Чет өлкөлөрдө Додекафония. формалисттик музыканын бир багыты катары кеңири та­раган.