ДОЗАТОР
ДОЗА́ТОР , д о з а л а г ы ч – суюк ж-а чубурма материалдарды белгилүү өлчөмдө же көлөмдө автоматтык түрдө үлүштөп өлчөөчү түзүлүш. Дозатор салмактык ж-а көлөмдүк болуп айырмаланып, материалдын масса бирдиги (кг) ж-а көлөм бирдиги (м3) м-н берилет. Дозатордун өндүрүмдүүлүгү масса (көлөм) бирдигинин убакыт бирдигине болгон катышы (кг/с же м3/с) м-н туюнтулат. Дозаторлор кол м-н ж-а автоматтык башкарылып, үзгүлтүктүү ж-а үзгүлтүксүз иштейт. Дозатордун тиби технологиялык процесске ж-а материалдын касиетине жараша тандалат. Иштөө шартына ж-а өлчөнө турган материалдардын түрүнө карата бир компоненттүү ж-а көп компоненттүү Дозаторлор колдонулат. Дозатор курулуш материалдарын өндүрүүдө, металлургияда, тамак-аш, химия, фармацевтика өндүрүшүндө ж. б. тармактарда, соода тармагында, лабораториялык иштерде пайдаланылат.