ДОЗОР
ДОЗО́Р , т о з о т – согуш шартында бөлүктөр м-н бөлүкчөлөрдүн чалгындоочу же кайтаруучу тобу. Дозор жөө аскерлерде 2–3 жоокерден 1–2 бөлүмгө же моторлоштурулган бир взводго, же бир танкалык взводго чейин болот. Мындан тышкары адистештирилген аскерлерден инженердик ж-а химиялык чалгындоочу Дозор да жиберилет. Дозор душман күчү ж-а анын капысынан кол салышы жөнүндөгү маалыматтарды берет. Дозордун жакын же алыс барышы анын курамына, милдетине ж-а согуштук шартына жараша болот.