ДОЛГАНДАР
ДОЛГАНДАР (өздөрүн долган, тыа-кихи, саха деп аташат) – Красноярск крайынын Таймыр автоном округу ж-а Якутиянын Анабар районунда (РФ) жашаган түрк тилдүү калк. Жалпы саны 7 миң киши (2004). Якут тилинин долган диалектисинде сүйлөшөт . Х р и с т и а н дининин православие багытын тутушат. Долгандардын этностук негизин эвенк (долган, донгот, эдян, каранто) топтору, якут, ненец, энец ж-а Таймырдын жергиликт калкы түзгөн. Долгандар төбөсү бугу териси м-н жабылган, жыгач ала-

чыктарда жашашып, бугу өстүрүүчүлүк, аңчылык, балык уулоочулук м-н кесиптенишкен. Байыртадан өнүккөн кол өнөрчүлүгү бар. Бугу терисинен тигилген кийимдерге сайма түшүрүп, суу мончок, шуру м-н кооздошкон. Бугу ж-а мамонттун сөөгүнөн оймолонуп жасалган буюмдар кеңири пайдаланылган. Кийими – көйнөк, ыштан, суу мончок, шуру м-н саймаланган нооту чепкен (сырт кийим), башына нооту капор, кышкысын бугу терисинен жасалган тон, бут кийим кийишкен. Тамак-ашы негизинен бугу эти, балык, ошондой эле чөп тамырларын колдонушкан.
Ш. Керимова.