ДОЛЛАР
ДО́ЛЛАР – АКШнын (АКШ Доллары)‚ Канаданын (канада Доллары)‚ Австралиянын (австралия Доллары) ж-а башка бир катар өлкөлөрдүн акча бирдиги. Доллар 100 центке бөлүнөт. АКШда Долларга 1786-жылы 24 г күмүш, 34 г таза күмүш кошулган. Алтын Долларга адегенде 1‚6 г таза алтын кошулган‚ 1900-жылы ал 1‚5 гга чейин‚ ал эми 1934-жылы 0‚8886 гга чейин азайтылган. Андан кийин алтын Доллар тыйындар жүгүртүүдөн алып салынган ж-а 1‚ 2‚ 5‚ 10‚ 20‚ 50 ж-а 100 Доллар акча белгиси түрүндөгү банкноттор м-н алмаштырылган.