ДОЛОН ЦИРКОН ЖАНА САПФИР КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:22, 11 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОЛОН ЦИРКОН ЖАНА САПФИР КЕНИ На­рын районунда, Нарын шаарынан 30 км түндүктө, де­ңиз деңгээлинен 2500–3000 м бийиктикте жайгашкан. 1989-жылы циркондун чачындысы Оттук, Байдулу ж-а Туюк сууларынын тектирлеринен табыл­ган. Циркондун өлчөмү 3х3х 3 ммден жогору бол­гон бүртүктөрү кондициялык деп эсептелет. Цир­кон түссүз, саргыч жашыл өңдө. Циркондун тоо­тектеги өлчөмү 1,92 карат/м3 түзөт. Кондиция­лык циркондун чыгышы анын жалпы масса­сынан 10–15%ин түзөт. Корунд майда (2Ч1 ммге чейин) сыныктар түрүндө кездешет. Каралжын көк түстөгү сапфирдин салмагы 0,45 карат, өлчөмү 4х4х3 мм болгон кесеги табылган. Цир­кондун болжолдуу ресурсу 125249,6 каратты түзөт.