ДОЛУХАНОВА
ДОЛУХА́НОВА Зара (Заруи) Агасьевна (15.3. 1918-жылы туулган, Москва – 4. 12. 2007-жыл, ошол эле жер) – советтик ырчы (меццо-сопрано), Армян ССР (1955), СССР (1990) эл артисти. 1957-жылы Гнесиндер атындагы. музыкалык-педагогикалык институтту бүтүргөн. Чыгармачылыгын 1939-жылы Еревандагы Спендиаров атындагы опера жана балет театрында баштаган. Кийин концерттик ырчы катары таанылган.

1944-жылдан Бүткүл союздук радио уктуруу жана телекөрсөтүүнүн, 1959–1982-жылдары Москва филармониясынын солисти. 1983-жылдан Гнесиндер атындагы Россия музыкалык академиясынын профессору. Долуханова – вокал өнөрүнүн ири өкүлү. Ал айрыкча И. С. Бах, Г. Ф. Гендель, Ж. Верди, С. В. Рахманиновдун чыгармаларын чебер аткарган. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө гастролдо болгон. СССР мамлекеттик сыйлыгынын (1951), Лениндик сыйлыктын (1966) лауреаты.