ДОМБРА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:35, 11 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОМБРА (казакча домбыра) – казактардын эки кылдуу музыкалык чертме аспабы. Тулкусу өрүктөн, карагайдан чабылат. Доошу жапыз, коңур жана назик, квартага, квинтага, октавага толгонот. Домбрада чертилген чыгармалар күй деп аталат. Аспаптын кош­тоосунда обон, ыр, дастандар а т к а р ы л а т .

Домбранын Чыгыш Казакстанга та­раганы моюну жоонураак жана кыскараак ке­лип, 7–8 бере­нелүү, Батыш Казакстанга та­раганы, теске­рисинче, мойну ичке келип, 14–17 берене­лүү. 1934-жылы Домбра өркүндөтүлүп, оркестрлик түрлөрү жасалган (домбра-секунда, домбра-альт жана башкалар). Алар Курмангазы атындагы Ка­зак эл аспаптар оркестринин өзөгүн түзөт.