ДОМЕН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:38, 11 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОМЕ́Н (фр. domainе, лат. dominium – ээлик, облус, чөйрө) – каталогдун жалпы базасын кол­донуп, тармактын бөлүгүн түзүүчү компьютер­лер тобу. Ал белгилүү эрежелери ж-а процедур­лары бар жалгыз объект катары башкарылат. Ар бир Домен өзүнө гана тийиштүү ат м-н аталат. Active Directory Домени – Windows тармагынын ад­министратору (башкаруучусу) аныктаган ком­пьютерлер тобу. Бул компьютерде берилиштер каталогунун жалпы базасы, коопсуздук ж-а Домендер арасындагы ишенимдүү катыш саясаты колдонулат. Active Directory Домени башкаруучу колдогон колдонуучулар м-н топтордун эсеп жа­зылышы борборлоштурулган топко жетүүнү кам­сыз кылат. Active Directory «дарактары» бир нече физикалык орунду камтыган бир же бир нече Доменден турат. DNS Домендеринин аталыштары кө­бүнчө Active Directory каталог кызматынын Доменинин аттарына дал келет.

К. Т. Осмонов.