ДОМЕН «ДАРАКТАРЫ»
ДОМЕ́Н «ДАРАКТАРЫ» (Domain trees) – 1) DNS домен аталыштарын индекстөөдө колдонулуучу даражалык система. Ал багыты, түзүлүшү боюнча дисктик эсти уюштурууда файлдык системаларда колдонулган каталогдор «дарагына» окшош болот. Мисалы, дискте сакталган көп файл каталогдор аркылуу логикалык топко биригет. Эгер Домен «дарагынын» бир нече бутагы болсо, ар бир бутакты аталыш мейкиндигиндеги домен аталыштары логикалык топко бириктирип турат; 2) Active Directory ичинде аталыштар мейкиндигин иретке келтирип, эки жактуу ишенимдүү катыштагы бир же бир нече домендин даражалык түзүлүшү. Домендин бир нече «дарагы» бир «токойго» таандык болот.