ДИНОЗАВРЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:57, 14 Апрель (Чын куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИНОЗАВРЛАР (Dinosauria) – сойлоочулардын тукум курут болгон, саны эң көп түркүмү. Динозаврлардын алгачкы түрү орто триас мезгилинде, акыркы түрү бор мезгилинин аягына чейин жашаган. Узундугу 25 мге жеткен. Динозаврлардын түпкү теги – триас­тык архозаврлар-текодонттор болгон. Айрым­дары (жырткыч динозаврлар, орнитоподдор) эки буттап, башкалары (стегозаврлар, мүйүздүү динозаврлар) төрт бут-

тап баскан. Динозаврлардын бир нече жүз түрүн бирик­тирген 2 түркүмү – кескелдирик учалуу (апа­тозаврлар, диплодок) ж-а куш учалуу динозаврлар (игуанодонттор, өрдөк тумшук динозаврлар, стегозаврлар, заур­лоф) болгон. Алар кургакта, кээ бири сууда жашаган.