ДИПЛОИД

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:37, 14 Апрель (Чын куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИПЛО́ИД (гр. dipljos – эки ж-а tidos – түр) – клеткаларында окшош жуп хромосомалар жы­йындысы бар организм. Хромосомалардын диплоиддик саны – түргө мүнөздүү белги. Хромосома­лардын диплоиддик (кош) жыйнагы сомалык (дене­лик) клеткалардын ядросунда болот. Жыныс клеткалардын (гаметалардын) ядролорунда хро­мосомалардын гаплоиддик, башкача айтканда жалпы жый­нагы болот. Адамдын диплоиддик жыйнагында 23 хро­мосома бар. Гаплоиддик жыйнакта ар бир жуп­тан 1 гана хромосома болуп, диплоид эки гаплоиддик гаметанын биригүүсүнөн пайда болот. Организм­дин ар бир түрү үчүн хромосомалардын диплоиддик ж-а гаплоиддик жыйнактарынын саны турук­туу. Көпчүлүк жаныбарларда ж-а татаал түзү­лүштүү өсүмдүктөрдө диплоид алардын тиричилик цик­линин негизги учуру болуп саналат. Диплоиддүүлүк эволюциянын жүрүшүндө гаплоиддик организм­дин негизинде пайда болуп, гаплоиддерге салыш­тырмалуу алардын артыкчылыгына байланыш­туу сакталып калган. Айтсак диплоиддик организм­дердин рецессиялык мутациялары гетерозигота­лык абалда (Аа) билинбей, популяцияларда жа­шырын сакталат.