ДОМИНИКАЛЫКТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:13, 14 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОМИНИКАЛЫКТАР – эл, Доминика Республикасынын негизги калкы. АКШ, Гаити өлкөлөрүндө да жашайт. Саны 7,5 млн киши (1992). Калктын 73%ин мулаттар, 16%ин негрлер, 11%ин ев­ропалыктар түзөт. Испан тилинин жергиликтүү вариан­тында (Гаитиден келгендери креол тилинде) сүйлөшөт. Доминикалыктардын көпчүлүгү католик динин ту­тушат, ошондой эле протестанттар да бар. Кыштак­тарда боно (эшик, терезелери кызыл же көк) деп аталган үйлөрдө жашашып, негизинен дый­канчылык, мал чарбачылык м-н кесиптениш­кен. Шаарларда испан үлгүсүндөгү имараттар сакталган. Доминикалыктар креол тибинде кийинишип, эр­кектер башындагы сомбреросу м-н гаитиликтер­ден айырмаланган. 19-кылымдан элдик бийи – ме­ренге кеңири белгилүү болгон.