ДОМНА МЕШИ
ДО́МНА МЕШИ , д о м н а – чоюн эритип алынуучу шахта меши. Биринчи Домна меши Европада 14- кылымдын орто ченинде пайда болгон. Эритилүүчү материалдар (шихта) – темир кенташы, марганец кенташы, агломерат, кокс, флюстар ж. б. үстү жагынан чанакка (колошникке) жүктөлөт. Төмөн жагынан (фурма аркылуу) кысылган ысык аба, суюк, газ сымал же чаң түрүндөгү отун жиберилет. Ал кокстун күйүшүн ж-а темир оксидинин шихтада эришин камсыз кылат. Мында темир окисин металлга айландыруучу башкы калыптандыргыч болуп эсептелген көмүртек окиси кокстан бөлүнүп чыгат. Металлдын пайда болушу м-н темир эрип ылдый түшүп, Домна мешинин түбүнө чогулуп, эриген шлак анын бетине калкып чыгат. Андан соң темир м-н шлак сыртка чыгарылат. Домна меши болоттон жасалып, ичине отко чыдамдуу кыш коюлат. Домна меши ишке киргизилгенден иштен чыкканча тынымсыз иштейт (болжол м-н 2 жыл). Эң ири Домна мешинин пайдалуу көлөмү 5000 м3ден ашат ж-а суткасына 10000 тдан ашык чоюн эритилет.
Домна меши: 1 – темир кенташы, кокс ж-а акиташты жүктөө; 2 – колосник; 3 – шихта бөлгүчтөрү; 4 – аба ысыткыч (каупер); 5 – абаны ысытуу үчүн берилген домна газы; 6 – аба үйлөгүч (фурма); 7 – күл ташыгыч; 8 – эриген ысык металлды куюп алгыч.
