ДОМЬЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:36, 14 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОМЬЕ́ Оноре Викторьен (26. 2. 1808, Мар­сель – 11. 2. 1879, Парижге жакын, Вальмон­дуа) – француз графиги, живописчи жана скульптор. 1814-жылдан Парижде жашаган, сүрөттөн жана живопистен сабак алган.

О. Домье. «Кир жуу­гуч аял». Лувр. Па­риж. 1859 – 60- жылдар чен.

Сын реализминин өкүлү, демократиялык кыймыл менен тыгыз байланыш­туу сатиралык сүрөттүн жана литографиянын чебери болгон. 1830-жылдагы революциядан кийин карикатуранын чебери катары таанылган. Литографиялык портрет-шарждарында, ксилография чыгарма­ларында Домье жумушчулар менен революциячылардын об­разын жараткан («Закон уюткусу», «Басма сөз эркиндиги», «1834-жылдын 15-апрелиндеги Транснонен көчөсү»). Саясий карикатурага тыюу салынгандан кийин (1835) Домье турмуш сатира­сында иштеп, дүнүйөкор соттор менен чиновник­терди сынга алган («Карикатюран» сериясы, 1836–1838; «Мыйзамчылар», 1834; «Боорукер бур­жуйлар», 1846–1849). 60–70-жылдары саясий са­тирага кайрадан кайрылган. Домьенин чыгармачылыгы пролетардык азатчыл козголоң менен тыгыз бай­ланыштуу («Козголоң», 1848; «Баррикададагы үй-бүлө», Улуттук галерея, Прага). Домье живописте жана скульптурада драматизм менен сатираны, баа­тырдык менен гротексти айкалыштырган («Дон Кихот», 1868, Жаңы пинакотека, Мюнхен).

Ад.: Калитина Н. О. Домье. М., 1955; Эсколье Р. О. Домье / Пер. с франц. М., 1978.