ДОНЕЦ ТОКОЛ ТООСУ
ДОНЕ́Ц ТОКОЛ ТООСУ – Чыгыш Европа түздүгүнүн түштүгүндөгү дөңсөө. Түндүк-батыштан түштүк-чыгышты карай 370 кмге созулат. Бийиктиги 367 мге чейин (Бейит-Мечит чокусу). Негизинен таш көмүр мезгилинде пайда болгон кумдук, акиташ ж-а сланец тектеринен турат. Алар м-н көмүр кени (Дон көмүр бассейни) байланыштуу. Дарыя аралык күдүрлүү түздүктөр ж-а терең (150 мге чейин) дарыя өрөөндөрү мүнөздүү. Калдык дөбөлөр – «бейиттер», жалчалар кездешет. Карст кубулушу өөрчүгөн. Жазы жалбырактуу (эмен, ак чечек) токой ж-а талаа өсүмдүктөрү өсөт.