ДОНОР
ДО́НОР (лат. dono – белек кылам) – өз каалоосу м-н оорулуу кишиге канын куюу, тканын (мисалы, тери) же органын (мисалы, бөйрөк) көчүрүү үчүн берүүчү адам. Ден соолугу таза, жашы 18ден жогору адамдар Донор боло алат. Кан берүүнүн Донордун ден соолугу үчүн зыяны жок. Донор болуу – ардактуу милдет. Ал оорулуунун ден соолугун ж-а өмүрүн сактоого жардам берет. Донордон кан алуу ж-а аларды консервалоо кан куюу станцияларында жүргүзүлөт. Алар райондук ооруканаларды ж. б. дарылоо мекемелерин кан м-н камсыз кылат. Донор кан берерде медициналык текшерүүдөн өткөрүлөт. 1-жолу кан бергенде 200–250 мл, кайталап бергенде 450 млге чейин кан алынат. Кайталап кан берүүгө 2 айдан кийин гана уруксат берилет. Донор дун каны канды консервалоочу заттар салынган атайын идишке алынып, анын сыртына кандын тобу, Донор дун аты-жөнү жазылат.