ДООГЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:51, 14 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДООГЕР – жарандык процессте өзүнүн бузулган же талашка түшүп жаткан жеке укугун ж-а мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн сот­ко же бейтарап сотко кайрылган жаран же юридикалык жак. Бул процессте доо арызы б-ча кы­зыкчылыгы коргоого алынган тарап Доогер болуп эсептелет. Доогердин мыйзамга ылайык укуктары бар. Алар – иштин материалдары м-н тааны­шуу, далилдерди келтирүү, процесстин каты­шуучуларына суроо берүү өтүнүчү м-н кайрылуу, соттун чечимине даттануу укуктары ж. б.