ДООЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:53, 14 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДООЛ – кыргыздардын урма музыкалык аспабы. Туулга түрүндө темирден, жезден, мистен жасалып, кененирээк жагына тери капталат. Доолду ээр­дин кашына илип коюп ойногон. Ал абалтан эле аңчылар, өзгөчө мүнүшкөрлөр арасына кеңири тараган.

«Ма­нас» эпосунда баа­тырлар жоого кир­генде, жеңгенде кер­ней, сурнай, добул­бас жана башка аспаптар менен бирге Доол каккан деп айтылат.

Ад.: Алагушов Б. Кыргыздын элдик музыкалык аспаптары. Ф., 1974.