ДОСКУЛУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:35, 14 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОСКУЛУ , Ж у м г а л – Нарын облусунун Жумгал районундагы кыштак. Жумгал айыл өкмөтүнө караштуу. Окторкой то­осунун этегинде, деңиз деңгээлинен 2000 м бийиктик­те, Бишкек – Чаек автомобиль жолунун боюн­да жайгашкан. Райондун борбору Чаек кыш­тагынан 55 км чыгыш тарапта, Балыкчы темир жол беке­тинен 140 км. Калкы 1559 (2002); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, ФАП, китепкана бар.