ДОСМАМБЕТОВА
ДОСМАМБЕТОВА Канымгүл (1935, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Түргөн айылы – 1978, Нарын) – ырчы, обончу, актёр. Досмамбетованын ырчылык шыгы айылдагы мектепте окуп жүргөндө эле башталган.

1951-жылы Караколдогу облустук драма театрында, 1953-жылдан Кыргыз мамлекеттик филармониясында, 1953–1978-жылдары Кыргыз драма театрында, 1958–1978- жылдары Нарындагы М. Рыскулов атындагы музыкалык драма театрында иштеген. Досмамбетованын негизги чыгармачылыгы ырчылык жана обончулук болгон; театрда коюлган пьесаларда чакан ролдорду аткарган. Анын ырлары обондуулугу, назиктиги, лирикалуулугу менен айырмаланат. «Ала-Тоолук чабанга», «Билгин жигит», «Кызыл өрүк», «Кыйылып турам», «Калкысам да кайыгыңда», «Жаштыктын көркү жар экен», «Табар элек бир паста», «Унутпадым», «Түш көрүүдөн тажадым», «Анда сен», «Колхоз талаасында», «Узатарда», «Замандашыма», «Көлүмдөй сүйдүм өзүңдү» жана башка кайталангыс, мукам обондорду жараткан. Көп ырларын комуздун коштоосунда өзү аткарган. Обондорунун көпчүлүгү атайын жыйнактарга чыккан.