ДОСТОЕВСКИЙ
ДОСТОЕ́ВСКИЙ Фёдор Михайлович [30. 10(11.11). 1821, Москва – 28. 1(9. 2). 1881, Петербург] – орус жазуучусу, Санкт-Петербург ИАнын корреспондент-мүчөсү (1877). 1843-жылы Петербург аскер-инженердик окуу жайын бүтүргөн. «Бечаралар» (1846) аттуу алгачкы романы м-н Гоголь баштаган натуралдык мектепке чебер жазуучу катары кошулган. Бул романда «кичине адамдын» социалдык трагедиясы көрсөтүлгөндүгүн В. Г. Белинский жогору баалаган. Достоевский «Окшош адам» (1846), «Буурул түндөр» (1848) ж-а «Неточка Незванова» (1849)
ж. б. чыгармаларында натуралдык мектептин башка өкүлдөрүнөн айырмалуу, реализмдин Достоевскийге гана мүнөздүү белгилери (терең психологизм, мүнөздөр м-н кырдаалдардын бөтөнчөлүгү) даана көрүнгөн. Достоевскийдин көз карашы Белинскийдин, француз социалист-утописттеринин (айрыкча Ш. Фурьенин) демократиялык ж-а социалисттик идеяларынын таасиринде калыптанган. 1847-жылы М. В. Петрашевскийдин коомуна кирген. 1848-жылдан Н. А. Спешнев м-н С. Ф. Дуровдун революциялык ийримине катышкан. Петрашевскийлердин иши боюнча айыпталып, 1849-жылы өлүм жазасына өкүм кылынган. Кийин ал өкүм 4 жылдык сүргүн м-н алмаштырылган. 1859-жылы Петербургда жашоого уруксат алган. «Абамдын түшү» (1859), «Степанчиково кыштагы жана аны жердегендер» (1859) повесттери, «Кор болуп, ыза көргөндөр» (1861) романы жарыяланган. «Азапканада жа-

зылган эскермелер» (1861–62) – Достоевскийдин сүргүндө көргөн-билгендери жөнүндөгү эң ири чыгармасы. 1860–70-жылдарда «Кылмыш жана жаза» (1866), «Кейбир» (1868), «Шайтандар» (1871–72), «Өспүрүм» (1875) ж-а «Бир тууган Карамазовдор» (1879–80) аттуу өз доорунун эң маанилүү социалдык, моралдык, философиялык маселелерин козгогон атактуу романдарын жараткан. Достоевскийдин романдарында социалдык контрасттар ж-а орус элине мүнөздүү айкын образдардын кагылышы реалисттик маанайда чагылдырылып, коом м-н адам ортосундагы гармонияны издөө аракети, кылдат психологизм ж-а гуманизм берилет. «Жазуучунун күндөлүгү» (1873–81) ж. б. публицистикалык чыгармалары бар. Достоевскийдин чыгармачылыгы орус ж-а дүйнөлүк адабиятка терең таасирин тийгизген.
Чыгармалары дүйнө элдеринин, анын ичинде кыргыз тилине да («Бечаралар», 1957; «Кор болуп ыза көргөндөр», 1960 ж. б.) которулган.