ДОСТУК (Лейлек районундагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:15, 14 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ДОСТУК 2 to ДОСТУК (Лейлек районундагы кыштак)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОСТУК – Баткен облусунун Лейлек районундагы кыштак. Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө караштуу. Ленинабад темир жол бекетинен (Тажикстан) 18 км. Райондун борбору Исфана шаарынан 94 км түндүк-чы­гыш тарапта. Деңиз деңгээлинен 1300 м бийиктикте жайгашкан. 1983-ж. отурукташкан. Калкы 3852 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгекте­нет. Орто мектеп, китепкана бар. Эки мончо, үй­бүлөлүк врачтар тобу, оорукананын бөлүмү иш­тейт.