ДОСТУК АЗИЛ
ДОСТУК АЗИЛ – сатиралык же юмордук адабияттагы көбүнчө ыр же кара сөз түрүндө жазылган арноо түрүндөгү кыска чыгарма. Достук азилде элге белгилүү инсандын (коомдук ишмер, акын-жазуучу, саясатчы ж. б.) айрым мүнөздүү өзгөчөлүктөрү жалпы жонунан макталса да, апыртуу, тамаша, какшык аркылуу кээ бир кемчиликтери айтылат. Достук азилдин ыкмаларын дүйнөлүк адабияттын классиктери памфлет, эпиграмма, фельетондо пайдаланган. Кыргыз поэзиясында М. Алыбаев, Р. Шүкүрбеков, М. Борбугулов, Б. Сарногоев ж. б. акындар өнүктүргөн. Азил ырларды адатта гезит-журналдардын майрамдык сандарында тамашалуу портрет коштойт, к. Шарж.