ДОСТУК КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ
ДОСТУК КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ Нарын районунда, Ат-Башы ГЭСинин жанында. Ат-Башы суусунун Нарынга куйган жеринде, анын сол өйүзүндөгү кашат тектирин түзүп жатат. 1985-жылы табылган. Кен аймагын антропогендин аллювийпролювий чөгүндүлөрү түзөт. Кум-шагыл катмары аллювий чөгүндүсүнөн пайда болгон. Шагыл жакшы жумуруланган гранит, диорит, акиташ, кумдук тектеринен турат. Узундугу 1 км, калыңдыгы 10–15 м. Гранулометриялык курамында 80 ммден ириси – 22,6–32,3%; 80–5 мм – 58%; 5 ммден майдасы – 19,13–23,86%, чаң – 0,27–1,37%. Салыштырма салмагы 2,5–2,6. Суукка чыдамдуу. Шагылдын запасы 0,5 млн м3. Бетон куюуга, жолду асфальттоого колдонулат. Кумду чаң-
дан арылтып жуугандан кийин бетон даярдоого пайдаланса болот. Запасы 0,5 млн м3.