ДОСУМБАЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:32, 15 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
М. Тойбаев, «Жаңы келин». Эргеш – К.Досумбаев, Оля – М. Курманалиева.

ДОСУМБАЕВ Күнболот (10. 9. 1939, Чүй облусу, Кемин району, Жаңы-Алыш айылы – 29. 5. 2002, Бишкек) – Кыргыз Республикасынын эл артисти (1991), Кыргыз Республикасынын Токто­гул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1986). А. Н. Островский атындагы Ташкент мамлекеттик театр искусствосу институтунун ак­тёрдук факультетин бүткөндөн (1963) Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында иштеген.

Досумбаев – ар түрдүү драмалык, трагедиялык, комедиялык, сатиралык пландагы образ­дарды түзгөн кеңири диапа­зондуу актёр. Негизги рол­дору: Досберген (Ч. Айтма­тов, К. Мухамеджанов, «Фуд­зиямадагы кадыр түн»), Жекшенкул (Ч. Айтма­тов, «Саманчы жолу»), Төрөкелди-Карадөө (А. То­комбаев, «Өлбөстүн үрөнү»), Шаршен (Ж. Сады­ков, «Күйөө жолдош»), Шырдакбек (Ш. Сады­бакасов, «Ак боз ат»), Атабаев, Мурат, Ашыр­бай (Т. Абдумомунов, «Жыгылган оогонго күлөт», «Жарыктык карыларым», «Ашырбай»), Герцог Ольбани (У. Шекспир, «Король Лир»), Аль­демаро (Лопе де Вега, «Бий мугалими»), Корун (К. Жантөшев, «Курманбек»), Сары таз, Кыяз, Манас (Ж.Садыков, «Манастын уулу Семетей», «Сейтек», «Айкөл Манас») жана башкалар. 1951-жылдан киного да тартылган. Медалдар менен сыйланган.