ДОТ
ДОТ (орусча долговременная огневая точка – узак мезгил ок атма чекит) – согуш куралдарынан (замбирек, миномёт, пулемёт ж. б.) ок атуу ж-а аларды башкарган аскер адамдарын душмандын огунан сактоо үчүн бекемделип курулган коргонуу жайы. Таш, кыш, бетон ж-а темир-бетондон курулуп, пулемёттук, замбиректик ж-а аралаш Дот болуп бөлүнгөн. Дот 1–2- дүйнөлүк согушта колдонулган. Учурда Дот ДОС (узакка ок атуучу жай) деп аталып, чыпка-желдеткич, байланыш, электр жабдык системалары м-н жабдылат.