ДОХА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:50, 15 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДО́ХА – Катар мамлекетинин борбор шаары. Түштүк-Батыш Азияда, Катар жарым аралында. Перс бу­луңундагы порт. Калкы 1 186 023 (2020). Эл аралык аэропорту бар. Б. з. 7-кылымында Араб хали-

Түштүк-Батыш Азиядагы эң ири Доха порту.

фатынын курамында, 13–14-кылымдарда Бахрейн эмир­лери башкарып келген, 16-кылымда Португалиянын, 1872-жылдан Оттоман империясынын курамы­на кирген. 1971-жылга чейин Улуу Британия про­тектораты. Металл иштетүү, цемент, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Кустардык кол өнөрчүлүк өнүккөн. Балык кармалат. Бермет чогултулат. Университет, педагогикалык институт, музейлер (улуттук, этнографиялык) бар. Архитектура эстеликтери сакталган. 2007-жылы Дохада ХХ Азия чемпионаты өткө­рүлгөн.