ДОҢУЗ КОРГОШУН КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:06, 15 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОҢУЗ КОРГОШУН КЕНИ Нарын облусунун Жум­гал районунда, Ак-Улак кыштагынын түштүк-чыгышын­да, Молдо-Тоонун түндүк жак бетинде. Кен айма­гын карбон мезгилинде пайда болгон доломит ж-а доломиттешкен акиташтеги түзөт. Бул тек­тер бүктөлүүгө дуушарланып, антиклиналдык түзүлүштү пайда кылган. Анын түштүк канаты жы­лышуулар тибиндеги жаракалар м-н тилмелен­ген. Кенташ тилкеси брекчияланган жарака­ларда топтолуп, тарам, линза, уя түрүндө жа­тат. Узундугу 500 м, калыңдыгы 0,5–2 м. Кендин түндүк- батыш жагы элювий-делювий чөгүндүсү м-н жабылып калган. Чыгыш тарабы кууштап, жок болот. Негизги минералы: галенит, сфалерит, пирит, халькопирит ж. б. Кенташ тилкесинин үстүнкү бөлүгү кычкылданууга дуушарланган.